Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинин студенттери ишембиликке чыгышты

Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинин студенттери ишембиликке чыгышып, окуу жайдын айланасын, мечиттин айланасын тазалашып, жол жээктерин таштандыдан арылтышты. Бул туурасында окуу жайдын жетекчилиги кабарлады.

«Тазалык-ыймандан дегендей биз айлана-чөйрөбүзгө, мекенибизге жана өзгөчө жаратылышыбызга аяр мамиле жасап, көңүл бурушубуз зарыл. Андыктан окуу жайыбыздын студенттерин тазалыкка үндөп, өлкөбүзгө өз салымыбызды кошууга милдеттүүбүз»,-дейт медресе мүдүрү Кутман ажы Орунбаев.

Бул күнү көчө бойлору шыпырылып, таштандылар алынып, арыктар тазаланды.