Өзгөндө мечит имамдарына Рамазан айын өткөрүү боюнча жыйын болду

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун борбордук мечитинде районго караштуу мечит имамдарына жыйын болуп, Рамазан айын пайдалуу өткөрүү жана ислам дининин баалуулуктарын айыл тургундары жана мечит жамаатына жеткирүү маселеси каралды.

Иш-чарага Өзгөн районунун башкы  имам  хатиби Акжол ажы Козубаев, хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары катышты.

«Ыйык Рамазан айында жамаатка толгон мечиттерибизде ислам динибиздин баалуулуктарын жеткирүү сооптуу иштерден. Имамдарыбызга ар кандай кырдаалга даяр болуусу эскертилип, жамаат менен тыгыз иш алып барууга чакыруудабыз жана ар кандай диний маалыматтарды берүүдөбүз», — деди Акжол ажы Козубаев.