Таласта санитардык талапты так сактоо боюнча имамдарга тийишттүү тапшырмалар берилди

Талас облусуна караштуу Кум – Арык айылындагы “Али ибн Аби Толиб” атындагы медресесинде имамдардын ишмердүүлүгү боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев, анын орун басары Касым ажы Сыдыков, казыяттын кызматкерлери жана райондордун баш имам хатибтери катышты.

Жыйында баш имам хатибтерге имамдардын ишмердүүлүгү, жаштар менен иш алып баруу, санитардык талаптарды сактоо, нике жана көйгөйлүү маселелер тууралуу маалыматтар берилди.

Азыркы кырдаалга карата санитардык талаптарды сактоо боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүбүз керек. Мечиттерге антисептик жана кол жуучу каражаттар менен камсыздалышы зарыл. Сактыкта кордук жок  дегендей алдын алуу аракетин азыртан көрө берели”, — деди облус казысы.