Өзгөндө мечит имамдары жана медицина кызматкерлерине жыйын болуп, анда эки маселе каралды

Өзгөн райондук администрацияынын алдында мечит имамдары жана медицина кызматкерлерине жыйын болуп, таажы ылаңынын жайылуусун жана көз ооруларынын алдын алуу боюнча элдерге жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси каралды.

Иш-чарга Өзгөн районунун башкы имам хатибинин орун басары Жусупбек Арстанбек уулу, мечит имамдары, администрация жана медицина кызматкерлери катышты.

Жыйында Өзгөн районунун башкы имам хатибинин орун басары Жусупбек Арстанбек уулу эки тараптуу кызматташуу зарыл экенин баса белгиледи.

«Чындыгында коронавирус илдетин алдын алуу иш-чараларында дин кызматкерлери, диний окуу жайлар санитардык нормаларды сактай алышты жана түшүндүрүү иштеринде активдүү катышып келишти. Мындан ары дагы ар кандай кырдаалда эки тараптуу иш алып баруубуз кажет», — деди Жусупбек Арстанбек уулу.

Ал эми медицина кызматкерлери дин кызматкерлеринен таажы ылаңынын жайылуусун жана көз оорулардын алдын алууда элдерге жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча ойлорун ортого салышты.