Ысык-Көлдө 20 жылдыктар айылдын имамына үй куруп жатышат

Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылынын 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү айылдын имамына үй куруп жатышат. Бул тууралуу Азим Асанов билдирди.

Үйдүн ачкычы 25-майда тапшырылат.

«Биздин айылдын имамынын үйү да, жери да жок болчу. Быйыл айылдык депутаттар, айыл өкмөт кызматкерлери болуп сүйлөштүк. Алар жер таап беришти. Биз болсо жалпы 12 жигит үй куруп жатабыз. Учурда тамдын дубалы бүтүп калды. Буюрса 25 майда бүтүрүп, ачкычын тапшырабыз», — деди ал.