Араванда мечит имамдарына жыйын болуп тынчтык жана тазалык маселеси каралды

Ош облусуна караштуу Араван райондук хатибиятында районго караштуу мечит имамдарына жыйын болуп, динибиздеги тынчтык жана тазалык жана коранивирус илдетин алдын максатында санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси каралды.

Иш-чарага Араван районунун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов, ИИМдин 10-бөлүмүнүн район боюнча жетекчиси Дүйшөн Жолдубаев, Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Шукрилла Файзуллаев катышты.

Иш-чарада Араван районунун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов ислам динин асыл баалуулуктарын жеткирүүдө имамдардын орду чоң экенин баса белгилеп, тынчтык жана тазалыка көңүл бурууга чакырды.

«Пайгамбарыбыз (САВ) ‟Тазалык ыймандын жарымы” деди. Аллага жана акыретке ишенген адам руханий жактан болсун, сырткы келбети жагынан болсун таза жүрүүсү зарыл. Бирөөнүн мал-мүлкүн талап-тоноодон, тилдин гыйбат кылуусунан, көздүн арам нерселерге кароосунан таза болуусу зарыл. Исламдын көрсөткөн багыттарын коомго жеткирүүбүз кажет», -деди Алибек ажы Жусупов.