Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Баткен облусунда Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев жана облус казылары Баткен облусундагы Чек арадагы чатакты чечүү үчүн түзүлгөн жумушчу топтун башчысы, вице-премьер-министр Артем Новиков  менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда вице-премьер-министр аймактагы кырдаал боюнча маалымат берип, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Жолугушуунун соңунда Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев аймактардан көчүрүлүп келген жарандарга 350 000 акчалай жана азык-түлүк түрүндө жардам берилгендигин айтып, өлкөбүздүн тынчтыгы, мамлекетибиздин стабилдүүлүгу үчүн дуба кылды.