Кара-Суудан Баткен элине 150000 сомдук жардам жөнөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл — Кыштак айыл аймагында жайгашкан «Беш-Капа»  мечит жамаатынын демилгеси менен  Баткен облусундагы эвакуацияланган жарандарга 150000 сомдук азык-түлүк  жардамы жөнөтүлдү.

Кайрымдуулук иш-чарасын  «Беш-Капа» мечитинин жамааты  колдоого алышып, демөөрчүлүк кылышты.

Азык-түлүктөрдөн ун, макорон, май, туз ж.б. күнүмдүк жашоого керектүү каражаттар сатылып алынган. Тамак-аш азыктарынан тышкары көрпө-төшөктөр, килемдер дагы топтолгон .

 «Албетте, момун-мусулмандар  улуту, уруусу кандай болбосун жана жашаган жери кайсы жер болбосун бир тууган. Бир тууган момундар жакшы иштерде  бири -бирин колдоп, жардам бериши зарыл.  Бул жөнүндө Аллах Таала маида сүрөсүнүн 2- аятында: «Эй момундар! Жакшылык жана такыбаа иштерде бири-бириңерге жардам бергиле. Душманчылык жана күнөө иштерде бири-бириңерге жардам бербегиле. Алладан корккула! Алланын азабы катуу!» деп айткан. Кайрымдуулук иш-чарасын уюштурган, жакшы иштерде жардам колун сунган инсандардан Аллах ыраазы болсун. Аллах  Таалам элибизге ынтымак, ыйман, ырыс берсин. Жерибизге берекет, бүтүндүк берсин. Мамлекетибизге тынчтык, туруктуулук берсин», — деди Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Ал эми мечит имамы мындай жардамдарды этап-этабы менен жөнөтүп турруу зарыл экенин баса белиглеп  буларга токтолду.

«Жардамды жеткирүү иштери муну менен токтоп калбайт. Бүгүн биринчи этабы жиберилди. Биз мындай оор кылдаалда баткендик мусулман бир туугандарыбызга колубуздан келген жардамыбызды беребиз. Кыйналган  жарандардын жеринен көрүп, муктаждыктарын байкап, ошол жаатта  да жардам берүүгө кызыктарбыз»,- деди мечит имамы Усманжан ажы Закиров.