Базар-Коргон районундагы мечиттерде санитардык талаптар сакталууда

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы мечиттерде  намаздар Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы  жана казыят тарабынан көрсөтүлгөн тартипте окулуп,  санитардык эрежелер сакталууда. Райондун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков хатибият кызматкерлерине, айыл аймактык баш имамдарга жарандардын коопсуздугу жана  мечитке кирүү тартибин сактоо керектигин эскертип, санитардык эрежелерди бекем кармоону түшүндүрдү.

Жума намаздарда эрежелерди жана талаптарды так сактоо керек. Элибиздин саламаттыгын, мамлекетибиздин тынчтыгын сактоо ар бирибиздин милдетибиз”,-деди  Базар-Коргондун баш имам хатиби.