Бишкек шаардык мусулмандар казыяты Баткен облусундагы чек арадан жабыркаган элге жардам топтоодо

Бишкек шаардык мусулмандар казыяты Баткен облусундагы чек арадан жабыркаган элге жардам топтоодо. Жардамдар азык-түлүк, кийим-кече жана акчалай кабыл алынат.

“Элибизден айланса болот. Жардамдарын тапшырып, Баткен элине жардам көрсөтүшүүдө. Учурда жардамдар ордо калаанын Ленин, Свердлов, Октябрь жана Биринчи май райондорунда топтолууда. Шаардык казыят атайын жооптууларды дайындап, жардамдарды кабыл алышууда”,-деди шаар казысы Замир кары Ракиев.