Ош шаардык мусулмандар казыяты Баткен элине жардам жөнөттү

Ош шаардык мусулмандар казыяты Баткен элине азык-түлүк, кийим-кече жана төшөктөрдү жардам катары жөнөттү. 

Иш-чараны «Имам аль-Бухари Алай» мечитинин имамы Мырза кары Осмонов уюштуруп, өз кызматын көрсөтүп, аманаттарды өз ээлерине жеткирүү үчүн Баткен облусуна  жөнөп кетти.

«Элибизден айланса болот. Казыяттын демилгесин колдоого алып, колдорунан келишинче жардамдарын беришти. Жардам берүүнү дагы улантабыз»,-деди шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.