Сүйүмбек ажы Жусубалиев: КМДБнын Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарындагы мекендештер менен биргеликте Баткен элине акчалай жардам көрсөтөт

Москва шаарында эмгектенип жаткан мекендештер Баткен облусундагы чек арадан жабыркаган элге акчалай жардам чогултууда. Бул туурасында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев билдирди.

КМДБнын Орусиядагы өкүлүнүн айтымында каргашалуу окуядан кабыргасы кайышып тургун мекендештерге жардам чогултуп, даректүү жеткирүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

«КМДБнын өкүлчүлүгү четте карап тура алган жокпуз. Өзүбүз алыста болсок жагы, жүрөгүбүз Баткен деп согуп, дайыма дуба кылып турдук. Себеби, мусулмандын куралы дуба. Эми аз дагы болсо акчалай жардам көрсөтөлү деп турабыз»,-деди КМДБнын Орусиядагы өкүлү.