Баткен облусунун райондук жана шаардык хатибияттары Лейлек районундагы жабыркагандарга жардам көрсөттү

Баткен облустук мусулмандар казыятына караштуу райондук жана шаардык хатибияттар Лейлек районунун чек аралаш аймагындагы чек ара чырынан жабыр тарткан жашоочуларга жардам көрсөттү.

Белгилей кетсек, Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов чек ара аймактарынан Баткен шаарынын мектептерине убактылуу жайгаштырылган жарандар менен жолугуп, сабырдуулукка чакырып, аларга дем берип, ынтымакка чакырды.

Ошондой жергиликтүү ишкерлер менен биргеликте алардын жеке муктаждыгын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон күнүмдүк керектелүүчү каражаттарды тапшырды.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязов Кызыл-Кыя шаарынын имамдарынын тарабынан Баткен шаарындагы №53 лицейге жана Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепке убактылуу көчүрүлгөн жарандарга жалпы 60 миң сомдон ашуун азык-түлүк иретинде жардамын тапшырды.

Ошондой эле чек арачыларга жана Лейлек районунун чек ара чырынан жабыр тарткан жашоочуларына Россиянын Воркута шаарында эмгектенген мекендештерибиздин акчалай жардамы берилди.

Ошондой эле Кадамжай районунун Кара-Жыгач жана Кара-Кыштак айылдарында 1981-жылы туулган жаштары жана Россиянын Москва, Новосибирск, Екатеринбург шаарларында эмгектенген мигранттар менен биргеликте Лейлек районунун Максат айылындагы жаңжалдан жабыркаган 75 үй-бүлөнун ар бирине 10 килограммдан ун, 2 литрден суу майын (жалпы суммасы 51115 сом) жардамын жеткирип беришти.