Каракол шаарындагы жардамга муктаж 25 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Берекелүү рамазан айында Каракол шаарынын хатиби Талант ажы Сабриков тарабынан уюштурулган кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү. Ысык-Көл облусунун мэри Эрмат Жумаев жана соодагерлер тарабынан жалпысынан Каракол шаарындагы жардамга муктаж 25 үй-бүлөгө 50 миң сомдук жардам көрсөтүлдү.

Аталган иш-чарада Ысык-Көл облусунун мэри жана жеке ишкерлер тарабынан көп балалуу, жетим, жесир, муктаж, мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө жардам колу сунулду.

Жалпысынан 50 миң сом бөлүнүп, 25 үй-бүлөгө 2 миң сомдук азык-түлүк таратылды. Ар бир үй-бүлөгө 10 кг ун, күрүч, өсүмдүк майы, макарон, кесме, чай, туз, кумшекер, айна, самын жана шириндиктер берилди.

Иш-чарада Каракол шаарынын хатиби Талант ажы Сабриковдун айтымында, садаканын эң жакшысы рамазан айында бериле турганын, садака бул балээ кырсыктан сактай турганын кошумчалады.