Тоң районунун Бөкөнбаев айылында боз үй үлгүсүндөгү жаңы мечит курулду

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Жоомарт Бөкөнбаев айылында боз үй үлгүсүндөгү жаңы мечиттин ачылышы болду. Мечит Азат Исакунов жана аталган айылдын тургундарынын демөөрчүлүгү менен салынып, пайдаланууга берилди.

Жаңы мечит көчмөн элинин улуттук үйү болгон боз үйдүн түзүлүшүндө салынды. Ага болжолдуу түрдө 200 кишинин намаз окуусуна ылайыкталып, ичинде бардык шарттар каралган.

Жергиликтүү тургундардын катышуусунда мечитке көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылык баракчалар тапшырылып, айылдын имамы Таалайбек Акунов жана мечит салуунун сообуна токтолду.

«Мечитибиз элибизди жакшылыка чакырып, жамандыктан кайтарган жайга айлансын. Мунун менен бирге мечитти салууга көмөктөшкөн инсанга Алла Таалам иштерине береке берип, мечитте окулган намаздардын, жакшы иштердин сообу ал адамга да жазылсын»,- деди айыл имамы.