Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинин студенттери ишембиликке чыгышты

Бүгүн, 8-май күнү рамазан айында Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинин студенттери ишембиликке чыгышып, окуу жайдын айланасын, мечиттин короосун тазалашып, жол жээктерин таштандыдан арылтышты. Бул туурасында окуу жайдын жетекчилиги кабарлады.

«Тазалык-ыймандан дегендей биз айлана-чөйрөбүзгө, мекенибизге жана өзгөчө жаратылышыбызга аяр мамиле жасап, көңүл бурушубуз зарыл. Андыктан окуу жайыбыздын студенттерин тазалыкка үндөп, өлкөбүзгө өз салымыбызды кошууга милдеттүүбүз»,-дейт медресе мүдүрү Кутман ажы Орунбаев.

Ишемибилик муну менен биринчи жолу өткөн жок. Буга чейин дагы мындан ары дагы ишемибилкке активдүү катышып тураарын билдиришти.