Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаевге Жапалак айыл аймактык башкармалыгынын ыраазычылык баракчасы тапшырылды

 Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Аль-Фарук» мечитинде Рамазан айында окулунган катмы Куран жыйынтыкталып, мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин амандыгы үчүн дуба кылынды.

Муну менен катар мечиттин имамы Нурлан ажы Сапиевдин демилгеси менен жамааттын эмгекчил, берешен инсандарына ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Ошону менен бирге Жапалак айыл аймактык башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаевге  дин үчүн өтөгөн үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык баракчасы тапшырылды. 

«Биз дайындаган имамдын жамаат менен биригип, ынтымакта иш алып баруусу, эл менен тил табышып, бир муштумдай бекем болуусу биз үчүн чоң сыймык. Мына бүгүн имамыңыздар сиздерди сыйлап, сый-тамак тартуулап, ыраазычылык билдирип жаткандыгы ортодогу ынтымакты күчөтөт»,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев 

Айта кетсек, Нурлан ажы Сапиев «Аль-Фарук» мечитинде 5-6 жылдан бери эмгектенип, көптөгөн шакирттерди чыгарууга жетишти.

Жыл сайын мечитде катмы Куран окутуп, карыларга болгон сый-урматы жогорку деңгээлде экендиги талашсыз. Имам башка аймактан келгенине карабай, жергиликтүү эл менен тыгыз иштешип, эл алдында кадыр баркка ээ боло алды.