«АВЕП» фонду тарабынан диний окуу жайларга компьютерлер тапшырылды

Ош шаарынын Борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде Жалал-Абад, Баткен, Ош облусу жана Ош шаарынын аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө «АВЕП» фонду тарабынан жыйын өткөрүлдү.

Жыйындан соң медреселерге аталган фонд компьютер жана тамак-ашка керектелүүчү буюмдарды тапшырды. 

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, ДИМК ТАБнын башчысы Исакбай Мурзабеков, «АВЕП» фондунун өкүлдөрү жана медресе мүдүрлөрү катышты.