Муфтият Кудстагы Аль-Акса мечитиндеги кол салууну айыптап, мусулмандарга болгон кысым жана адам укугун бузуу деп эсептейт

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы  Кудстагы Аль-Акса мечитиндеги мусулмандарга кол салууну айыптап, бул окуя мусулман калкы үчүн оор сокку болуп,  жарандардын ыйык сезимдерин кордоо,  мусулмандарга болгон кысым жана адам укугун бузуу деп эсептейт. Анткени Кудстагы Аль-Акса мечити  эң биринчи кыбыла жана Медина менен  Меккеден кийинки Исламдын үчүнчү ыйык жайы. Рамазан айында Аль-Акса мечитинин аймагындагы намазга катышууга тоскоолдук кылуу — бул Алла Таалага акарат келтирүү.

Жараткан Алла Таала баарыбыздын ыйык Рамазан айында үмүт-тилегибизди, дубаларыбызды кабыл кылып, бүткүл ааламга тынчтык берсин! Дүйнө жүзүндө дайыма тынчтык болуп, улуттар арасындагы биримдик менен ынтымак кетпесин! Жалпы мусулман үммөтүнө бекем ден соолук, мол ырыскы, тунук ыйман, бейпил жашоо, ийгилик жана береке каалайбыз!