Айт намазы Бишкектеги жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулат. Санитардык талаптарды бекем сактайлы! Айт намазынын программасы

Орозо айт намазы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу 13-май күнү Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулуп, таңкы саат 07:00до башталмакчы.

Айт намаздын программасы
07:00-07:15 — Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин куттуктоосу жана баяндамасы;

07:15 — Айт намаз

Эскертүү: Айт намазга келген ар бир жаран санитардык эрежелерди так сактоосу талап кылынат.

  • Бет каптын болуусу талап кылынат
  • Ар бир адам жайнамазын ала келүү сунушталат
  • Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо
  • Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат
  • Дааратты үйдөн алуу
  • Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп  жаткан жарандардын келбөөсү талап кылынат
  • Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап  кетүү сунушталат