Түркия Диянет Вакфы Фонду Баткендеги чек арадан жабыркаган 300 үй-бүлөгө азык-түлүк таратты

Бүгүн, 14-майда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары  Ниязали ажы Ариповдун катышуусунда Туркиянын Диний башкармалыгы жана Түркия Диянет Вакфы Фонду тарабынан уюштурулуп келген боордош Түрк элинин материалдык жана азык-түлүктөн турган жардамдары 2021-жылдын 29-апрель күнү Баткендеги чек арадагы каргашалуу апааттан жапа чеккен чек ара айылдарына жеткирилди.

Орозо айт баштыкчалары алгач Баткен шаарындагы 15 жашоочуга берүү менен башталды.  Андан соң Лейлек районундагы апааттуу окуяда жапа чеккен Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Сада, Интернационал, Максат айылдарына жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Борбордук, Арка, Достук жана Жаштык айылдарынын жашоочуларына берилип, жергиликтүү тургундарды жеринде зияратта болуп азык-түлүктөр тапшырылды.

Эл менен жолугушууда эки элдин ортосундагы мындай кейиштүү окуянын болбошу, элибиздин ынтымагы жана биримдигине карата бата-тилектер айтылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кайрымдуулук иш-чарасында жалпысынан  300 орозо айт баштыктары таркатылды. Лейлек районундагы кайрымдуулук иш сапарын өткөрүү иштерине райондун башкы имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшеев да коштоп жүрүп, кыргыз-тажик чек арасында жабыр тарткан  элибизге колдоо көрсөтүлгөнү үчүн хатиябияттын атынан терең ыраазычылык билдирди.

Ал эми Баткен облустук казыятындагы башталыш иш-чарасына  Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин диний кызматтар жана социалдык иштер боюнча кеңешчиси Мурсел Өзтүрк,  ОшМУнун теология факультетинин  декандын орун басары Юсуф Доган жана  Ыйман гимназиясынын мүдүрү Тахир Мехдиоглу катышышты.

Кайрымдуулук иш сапары менен келген коноктору Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов тосуп алып, Баткен казыятынын ишмердиги тууралуу маалымат берди ошондой эле Баткен шаарындагы муктаждарга жана кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяга байланыштуу жабыр тарткан  элибизге колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Иш-чара алкагында Баткен казыяты менен кызматташууну кеңейтүү туурасында сөз болуп тараптар тарабынан колдооого алынды.