Кадамжай шаарында «Баткен, биз сени менен!» аталышындагы чек арада шейит кеткендерге багышталып, Куран окулду

Баткен облусунун Кадамжай шаарынын борбордук стадионунда «Баткен, биз сени менен!» аталышындагы чек арада шейит кеткен мекендештерибизге Куран түшүрүү  иш-чарасы өткөрүлдү.

Эскерүү иш-чарасы Кадамжай райондук хатибиятынын демилгеси тарабынан уюштурулуп «Молдо Нияз  мурастары» фонду  демөөрчүлүк кылган.

Жыйынды Кадамжай районунун имам хатиби Хайткулов Иброхим район аймагындагы мечиттерде  100дон ашуун хатм Курандар окулгандыгын айтып, ал Баткендеги чек арадыгы окуяда шейит кеткен мекендештерибизге, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине, жалпы момундарга соопторуну багышталды.

Мунун менен катар мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин амандыгын Жараткан Алла Тааладан тилеп, дуба кылынды.

Эскерүү иш-чарасында Кадамжайдан чыккан бир катар курулуш компаниянын мүдүрлөрү чек арадан жабыр тарткан элге акчалай жардам көрсөтүп, ар тараптуу жардам берүүгө даярдыгын билдиришти.