Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев энелер күнү менен куттуктады

Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва барокаатуху!

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу апалар, эже-карындаштар! Барыңыздарды энелер күнү менен ак дилимден куттуктайм!

Эне мээрими, ак сүтү, аруулугу эч нерсеге теңдешсиз! Эне. Ата. Кандай гана улуу сөздөр, жашоонун маңызы, түркүгү.

Кыз баланы тарбиялоодо эненин мааниси абдан чоң, элибизде, “Энесин көрүп кызын ал”, “Эне жакшы-кыз жакшы” деген сыяктуу макалдар бекеринен айтылбаса керек. 

Ар бирибиз энелерди майрамдарда гана эстеп койбостон күнү сайын урмат-сый көрсөтүүгө милдеттүүбүз! Энелерибизге күн сайын телефон чалып, абалын сурап, үйүнө зыярат кылып куттуктап, небере-чөбөрөлөрүн жыттатып, кубаныч тартуулайлы.
Өтүп кеткендердин жаркын элесин эстеп Куран окуп туралы… Далай оорчулукту баштан кечирип, бизге жаркын жашоо тартуулаган үчүн ыраазычылык, шүгүрчүлүк айталы. Ар бирибиз кетирген катачылыкты моюнга алып, апаларыбыздан кечирим сурайлы.

Жараткан Алла Таалам энелерибизге бактылуу карылык, бекем ден соолук, бак дөөлөт берсин. Төрүбүздүн көркү болуп сүйүктүү мекенибизге, динибизге, элге, жерге кызмат кылган ыймандуу, билимдүү уул-кыздарды тарбиялып, алар менен сыймыктанган перзенттерден кылсын!