Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Курултайы 26-июнга жылдырылды

Бүгүн,  27-майда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин 17-протоколук жыйыны өткөрүлүп, өлкөдөгү пандемиялык абалдан улам Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги Курултайын 26-июнь күнгө жылдыруу, каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын курамын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алды. КМДБнын уставында көрсөтүлгөн эрежеге ылайык,  Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин кызмат ордуна талапкерлерди кайрадан каттоо жүргүзүлүп, кайрадан конкурс өткөрүлмөкчү.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин 17-протоколук жыйынына Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев жана көпчүлүк Аалымдар Кеңешинини мүчөлөрү катышты.