Түштүк Кореяда эмгектенген мекендештер Баткенге кайрымдуулук жардам көрсөттү

Түштүк Кореянын Сеул шаарынын Чоно аймагында эмгектенип жүргөн Баткен шаарынын тургундары Баткен шаарындагы муктаж үй-бүлөлөргө  жана чек-ара чырында каза болгон мекендештерибиздин жакындарына акчалай жардам көрсөттү.

Баткен шаарынын баш имам хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун демилгеси менен аталган кайрымдуулук жардам  өз ээлерине жеткирилип, аларды сабырдуулукка чакырды.

«Бүгүн Сеул шаарында эмгектенген мекендештерибиздин жиберген жалпы суммасы 75000 сом акчалай  жардамын, аманатарын өз ээлерине жеткирдик. Кайрымдуу мекендештердин жардамын Жараткан кабыл кылып, аларга эки дүйнөдө сооп жакшылыктарын насип этсин. Бир туугандарыбыздын иштерине ийгилик каалайбыз»,-дейт Абдурашид ажы Юнусов.

Ошондой эле жардам алган шаар жашоочулары чет өлкөдө иштеген мекендештерибизге ыраазычылыктарын билдирип, ак батасын беришти.