Талас облусунун казыяты садака-фитирден түшкөн каражаттарды муктаждарга таратып берди

Талас облустук мусулмандар казыяты 2021-жылдын садака-битирдин эсебинен чогулган акча каражатын тизмеде турган муктаждарга, жетим-жесирлерге таратып берди.

Иш-чарага Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев, казыяттын иш башкарманын жетекчиси Медер ажы Сагынбаев жана Талас шаарынын баш имам хатиби Алтынбек Бешкемпиров катышты.

«Быйылкы садака-битирге 2021 – жылдын эсебинен 60 миң сом бөлүнгөн. Бөлүнгөн акча  Талас облустук мусулмандар казыятына арыз менен кайрылгандарга жана тизмеде катталган муктаждарга таратып бердик», — деди Медер ажы Сагынбаев.

Эскерте кетсек, битир-садакадан түшкө каражат Талас облусунун бардык райондордо муктаждарга таратылып берилди.