Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жайыл районунун борбордук мечитинин курулушуна капсула салуу иш-чарасына катышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Чүй облусунун Жайыл районунун борбордук мечитинин курулушуна капсула салуу иш-чарасына катышты.

Саамалыкка Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов, КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Ашырбаев, Катар кайрымдуулук уюмунун аткаруучу мүдүрү Юсуф Бин Ахмад Аль-Кауаари,  Катар мамлекетинин Кыргызстандагы  элчиси Абдуллах Бин Ахмад Аль Сулайти, Жайыл районунун акими Төрөгелди Туркбаев, Кара-Балта шаарынын вице-мэри Айткулулев Темирлан, Жайыл РИИБнын жетекчисинин биринчи орун басары Урмат Сматов, райондун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев жана жергиликтүү тургандар,  имамдар катышты.

Иш-чара алкагында катышуучулар мечит ыймандын, адеп-ахлактын жана туура диний баалуулуктарды жеткирүүнүн очогу болуусуна тилектештигин билдиришти.

«Мечит Алланын үйү. Эң соопту иштер болуп мечит, мектеп, көпүрө, жол салуу иштери болот эмеспи. Андыктан ар бирибиз соопту иштерди жасоого далалат кылалы»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Ал эми Катар мамлекетинен келген өкүлдөр мечиттин курулушу 2021-жылы толугу менен бүткөрүлө тургандыгын айтышып, ачылыш салтанатына дагы катыша тургандыктарын билдиришти.

Эскерте кетсек, райондогу борбордук мечит авариялык абалга дуушар болгондуктан жаңы мечит салууга муктаждык жаралган. Ал эми борбордук мечит Катар мамлекетинин каржылоосу менен курулмакчы.