Борбордук «Имам аль Бухари Алай» мечитинин имамы Мырза кары Осмонов ОшМУнун студенттерине адеп-ахлак туурасында өз баяндамасын жасады


Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулган лекцияда борбордук «Имам аль Бухари Алай» мечитинин имамы Мырза кары Осмонов ОшМУнун студенттерине адеп-ахлак туурасында өз баяндамасын жасап, өзгөчө ата-энеге болгон урмат сый жөнүндө айтып өттү.

«Карысы бар үйдүн берекеси болот. Карыган ата-энеңизди карагандан уялуу — адамгерчиликке жатпайт. Ислам дининде ата-энеге болгон сый урматка өзгөчө көңүл бурган. Ошондуктан, ата-энеге кызмат кылып,  дубасын алуу керек. Ишиңизде ийгилик, тапканыңызда береке болуусун кааласаңыз, эрте менен жумушка жөнөп жатып, ата-энеңиздин дубасын алып чыгыңыз»,-деди Мырза кары Осмонов.

Лекциянын соңунда суроо-жооп болуп, студенттер өздөрүнүн кызыккан диний суроолоруна жооп ала алышты.