Кара-Сууда жардамга муктаж 223 жаранга 223 000 сом берилди

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыровдун демилгеси менен жардамга муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген 223 жаранга 223 000 сомдук акчалай жардам берилди.

Кайрымдуулук иш-чарасындагы каражат Кара-Суу райондук хатибияты тарыбынан каржыланды.

«Кара-Суу районунда садака-фитрден түшкөн каражатты айыл өкмөттүн жооптуу имамдарына тапшырдым. Алар өздөрүнүн айыл аймагындагы имамдары менен биргеликте жардамга муктаж жарандарына жеткиришет.  Мындан сырткары хатибияттын расмий идарасында да жардам берилди. Жараткан Алла Таала кылынган ихсандарды кабыл кылсын», — деди Абдирашит ажы Батыров.