Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата куттуктоосу

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.  

Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва барокаатуху!

Кымбаттуу балдар, урматтуу ата-энелер!

Балдарыбыздын тарбиясы, аларды илимге-билимге кызыктыруу, мекенчилдик сезимдерин жандандыруу, балдарды күйүмдүү кылып тарбиялоо, ыйманда, исламда, ибадатта, тазалыкта жана чынчылдыкта таалим-тарбия берүү ата-эненин моюнундагы эң улуу милдеттердин бири.

Баланы тарбиялоодо үй-бүлөдөгү тарбия чоң роль ойнойт. Ата-эненин тарбиясы, сөзү, мамилеси баланын кыялына, жүрүм-турумуна, коомдогу адам болуп калыптанышына таасир этет. Баланы тарбиялоо деген бул – адам баласынын өмүрүндөгү эң негизги баа жеткис белек болуп эсептелет.

Элибизде «Балапан уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат» деп бекеринен айтылган эмес. Балдарга туура таалим-тарбия берүү үчүн ата-энелер, чоңдор тарбияны өзүбүздөн баштообуз зарыл. Өзүбүз аларга үлгү, күзгү болбой туруп аларга эмнени үйрөтө алабыз! Бала көргөнүн жасайт. Азыркы балдар башкалардан өзгөчөлөнгүсү, жаңыча ой жүгүрткүсү келет. Көп учурда ата-энелер ал баланын шагын сындырып, мүмкүнчүлүгүн чектеп коебуз. Бул чоң жаңылыштык, бул биздин кемчилигибиз.

Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа (САВ): «Атанын балага калтырган эң жакшы мурасы — туура тарбиясы”- деп бала тарбиясына өзгөчө басым жасаган. Анткени ал баланын бүгүнкүсүнө да, келечегине да чоң таасирин тийгизет. Андыктан ар бир ата-эне баласын адептүү болууга, эмгекти сүйүүгө, спорт менен дос болууга, билимдүү болууга, берешендикке тарбиялашы керек.

Мындан улам бардык ата-энелерге, балдарына бекем ден соолук, бакты-таалай, жолу ачык болуп, Кыргызстанга пайдасы тийген, акыл-эстүү, мыкты уул-кыздарыбыз көп болушун Жараткан Алла Тааладан тилейм.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев.