Ыйык Каабанын үстүнө жабылган материалдын бир кесими имам Сарахси атындагы башкы мечитке белекке берилди

Бүгүн, 1-июнь күнү имам Сарахси атындагы башкы мечитте Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев, Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Ахмед Садык Доган, элчинин дин иштери боюнча кеңешчиси Нурсел Өзтүрк, ЖК депутаттары Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Ибрахим Четин сыяктуу бир катар коноктордун катышуусунда иш-чара өтүп, анда ыйык Каабанын үстүнө жабылган материалдын бир кесими башкы мечитке белекке берилди.
«Пайгамбарыбыз (САВ): «Бири-бириңерге белек бергиле, сүйүүңөр артсын»,-деп айткан. Андыктан биз дайыма бири-бирибизге урмат-сый көрсөтүп, достугубузду бекемдейли. Эки мамлекеттин ортосундагы алакалар жакшыра берсин. Жараткан насип кылса бул белек мечитибиздеги көрүнүктүү жеринен орун алып, жарандарыбыздын көрүп турууларына мүмкүнчүлүктөр түзүлөт»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.
Ал эми калган катышуучулар өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришип, бул иш-чаранын маанилүү экендигине токтолушту.