«Көлмө» медресесинде дин кызматкерлери билим деңгээлин жогорулатышып, атайын сертификаттарга ээ болушту

Кечээ, 1-июнда диний окуу жайларын бүтүргөн дин кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатууга багытталган окуу курсун бүтүргөн катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылды.

Иш-чара Бишкек шаарындагы “Көлмө” медресесинде уланып, ага “Көлмө” медресесинин мүдүрү Ырысбай Ахунбаев, “Альхамд Евразия Шария Эдвайзери Сервисис” ААКнын директорунун милдетин аткаруучу Акжигит ажы Кокоев, КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Жигитали ажы Исмаилов катышты.

Окуу курсу 3 тармак боюнча өткөрүлдү:

1)      Исламдагы банк системасы, соода-сатык жүргүзүүдө банк кызматтарын пайдалануу;

2)      Халал индустриясы;

3)      Астрономиянын ислам шариятындагы тастыктоолору.

“Көлмө” медресесинин окутуучусу Умар ажы Бакиевдин айтымында, окуу курсу боюнча Кыргызстандагы бардык диний окуу жайларын бүтүргөн дин кызматкерлерине алдын ала жарыя берилип, анда өз ыктыяры менен катышкандар көп болгонун билдирди.

Мындай окуу курсун диний окуу жайлар арасында Кыргызстанда биринчилерден болуп өткөрдүк. Ар бир тармак боюнча өзүнө сертификаттарды берилди. Окуу курсу 15-майда башталып, 1-июнга чейин чейин жүргүзүлдү. Мында лекторлор КМДБ фатва бөлүмүнүн адистери Бактияр ажы Токтогазы уулу, Акжигит ажы Кокоев, Халал индустриясынын директору Мыктыбек Арстанбек жана башкалар өтүштү”,-деди Бакиев.

Курска жалпы 42 катышуучу катышты. Анын 20сы “Көлмө” медресесинин бүтүрүүчүлөрү түзөт. Ал эми калганы ар кайсы диний окуу жайларын бүтүргөн дин кызматкерлери.