Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов балдар күнүнө карата белектерди таратты

Кечээ, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош облусуна караштуу Араван районунун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алып, оюнчуктарды, окуу сумкаларын, таттууларды жана башка белектерди берип сүйүнттү.

«Пайгамбарыбыз (САВ) ‟Мотурайган балдарыңар болбогондо, башыңарга селдей балээлер жаамак” деп айткан. Балдарды коргойлу. Аларга мээрим төгүп аз да болсо кубаныч тартуулайлы. «Бала жылмайса аалам жылмаят» деп бекеринен айтылбаса керек», — деди Алибек ажы Жусупов.