Сөгөт айылынын имамы Бакыт Мырзабаевге ыраазычылык кат тапшырылды

Талас облусунун Манас районунун  баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Сөгөт айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда эл арасындагы ынтымак, биримдик, ырашкерлик, адеп-ахлак жана улууларга, ата – энеге болгон урмат-сый жөнүндө баяндамасын жасады.

Ошондой эле кайрымдуулук иштерине жигердүү катышып, элдин ынтымагын сактоого жана мечитке көптөгөн жардам берген айыл тургуну Медетбек Жайнаков мырзага Манас районунун хатибиятынын ыраазычылык каты тапшырылды.

“Сөгөт айылынын имамы Бакыт Мырзабаевдин демилгеси менен 10 жылдык, 20 жылдыктарды өткөрүүнүн ордуна мечиттерди оңдоо, бастырмаларды жасоо, суу түтүктөрүн калыбына келтирүү жана айылдын муктаж тургундарына көмөк көрсөтүү иштерине чакырып келет”,- деди баш имам хатиб.