Жалал-Абад шаарындагы Аз-Захра медресесинин жыл мыктылары сыйланды

2020-2021-окуу жылына карата Жалал-Абад шаарындагы Аз-Захра медресеси ийгиликтүү жыйынтыктап, окууда мыкты жетишкендерге жана коомдук иштерге активдүү катышкандарга Ардак грамота жана сертификаттар тапшырылды.

Жыйынтыктоо учурунда мыкты мугалимдерге, окуучуларга Алкыш баракчалар тапшырылса, өзүнүн мыктылыгын, өзгөчөлүгүн көрсөткөндөргө “Жылдын мыкты студенти”, “Жылдын мыкты мугалими” номинациялары берилди.

Мындан тышкары, бир жума Ысык-Көлгө эс алып келүү үчүн 4 окуучуга жана мугалимдерге жолдомолор тапшырылды

Окуу жайдын мүдүрү Рустамбек уулу Нурдинбек сыйлык ээлерин куттуктоо менен бирге мындан аркы иштерине, окууларына ийгиликтерди каалады.