Муфтият өлкөдөгү халал индустриясын өнүктүрүү максатында “Халал иштерин өнүктүрүү” бөлүмүн ачып, анын башчылыгына Бактияр ажы Токтогазы уулу дайындалды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы  өлкөдөгү халал индустриясын  шариятка ылайык өнүктүрүү максатында “Халал иштерин өнүктүрүү”  бөлүмүн ачып, анын башчылыгына Бактияр ажы Токтогазы уулу дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев кол койду.

Мындан ары КМДБнын “Халал иштерин өнүктүрүү”  бөлүмү КР Экономика министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын халал индустриясы менен тыгыз кызматташып, халал иштерин  шариятка ылайык өнүктүрүүдө мыйзамдын  чегинде бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшамакчы.