Өзгөндөгү «Имам ал-Бухарий» ислам интститутунда Пайгамбарыбыздын (САВ) урматына арналган бөлмөнүн ачылыш аземи болуп өттү

Бүгүн, 3-июнь күнү Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылдык аймагындагы «Имам ал-Бухарий» ислам интститутунда Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин катышуусунда Пайгамбарыбыздын (САВ) урматына арналган бөлмөнүн ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, ДИМКнын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, «Имам ал-Бухарий» ислам интститутунун ректору Абдырахман кары Атабаев, ОшМУнун теология факультетинин деканынын орун басары Юсуф Доган, казыяттын эмгек жамааты, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чара алгач маркумдардын урматына Куран окуу менен башталып, андан соң Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазиев Пайгамбарыбызга (САВ) болгон сый урмат жана болгон сүйүнүн туу чокусуна жетүү зарыл экенин баса белгилеп, ислам дининин асыл баалуулуктары жана анын ичинде такыбалык боюнча кеп кылды.

«Бул бөлмөнүн ар бир терезесинин боштуктарына назар салган инсан  Пайгамбарыбыз (САВ) боюнча маалыматтарга ээ болот. Кайсы бир нерсени канчалык деңгээлде сүйсөк, кааласак, эңсесек жана ага карай умтулсак, ошол нерсе менен бирге болобуз. Чындыгында биз Пайгабырыбызга (САВ) жакындап, такыбалык жана ибадат кылсак, ал менен бирге болобуз», -деди Жоробай ажы Шергазыев.

Ал эми «Имам ал-Бухарий» ислам интститутунун ректору Абдырахман кары Атабаев демөөрчүлүк кылган бардык берешен инсандарга ыраазычылык билдирип, ушул институттан аалым, карылар тарбияланып, мыкты ийгиликтерге жетишкендигин баса белгиледи.