Ош облусунда 51 кыз 30 пара Куранды толук жаттады

Кечээ, 3-июнь күнү Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылдык аймагындагы «Имам ал-Бухарий» ислам институтунда 30 пара Куранды толугу менен жаттаган 51 кыз хафиз болгондугуна байланыштуу аларга дипломдор тапшырылды.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев, Баткен, Ош облусунун жана Ош шаарынын казылары, ДИМКнын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, «Имам ал-Бухарий» ислам институтунун ректору Абдырахман кары Атабаев, казыяттын эмгек жамааты, облус аймагындагы райондордун башкы имам хатибдери, ата-энелер жамааты катышты.

Иш-чара ааламдан көзү өткөн бардык момундардын урматына Куран окуу менен башталып, андан соң бүтүрүүчү студенттер келген конокторго, ата-энелерге, устатдарды урматтоо боюнча чакан монологдорду айтышты.

Иш-чарада Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев институттун ректорун институттун билим берүүгө кошкон салымы үчүн Ардак громата менен сыйлады.

«Бир диний окуу жайдан 51 кары кыздарыбыздын 30 пара Куранды жатка билишип, хафиз болуусу биз үчүн чоң сыймык. КМДБнын жана өзүмдүн атымдан сиздерди чын дилимден куттуктаймын. Ушундай билимдүү, такыба, чыныгы момундун жүзүн көргөзө ала турган жаштарды тарбиялай бериңиздер», — деди Жоробай ажы Шергазыев.

Андан соң келген коноктор өз куттуктоолорун айтышып, белектерди тапшырышты.

Саамалыктын соңунда жеке ишкер тарабынан 30 пара Куранды толук жаттоого жакындан көмөк көрсөткөн  институттун бардык окутуучуларына кичи ажылык сапарына жолдомо бериле турганын убада кылды.