Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев: Каныбек агай көрөгөч адам эле

Бүгүн, 4-июнь күнү ОшМУнун мурдагы ректору, экс — билим берүү жана илим министри, Эл аралык Ч. Айтматов академиясынын академиги, чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер, филология илимдеринин доктору, порфессор маркум Каныбек Исаковду эскерүү кечеси болуп өттү. Ал бүгүн көзү тирүү болгондо 52 жашка толмок.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, КРнын ЖК депутаты Жарнар Акаев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, ОшМУнун эмгек жамааты жана студенттер катышты.

Иш-чарада Маркум Каныбек Исаковдун басып өткөн өмүр жолу, ОшМУнун өнүгүүсүнө, билим берүү тармагына кошкон салымы, адамдык сапаты,  жаштарга берген дем күчү, мамлекеттин билим берүү тармагында аткарган эмгектери боюнча маалыматтар берилди.

Облус казысы Самидин кары Атабаев Каныбек Исаковдун бул дүйнөдө аткарып кеткен эмгектери, анын мыкты агартуучу жана илимге кошкон салымы эбейгейсиз чоң экенин баса белгилеп, анын ураматына багыштап Куран окуду.

«Каныбек агай уктап жаткан адамдарды ойготкон көрөгөч адам эле. Диний окуу жайларыбызда 32 жолу Куран хатмы кылынып, анын урматына багышталып окулду. Агайдын билим берүү тармагына жасаган реформалары баат жекис эмгек», -деди облус казысы.

Белгилей кетсек, маркум Каныбек Исаков окуу иштеринде стратегиялык пландарды ишке ашырган. Мамлекеттин экономиклык социялдык абылына салым кошкон мыкты дипломат. ОшМУну эл аралык аренеда байланышты камсыздай алган. Дүйнөнүн алдыңкы Университеттери менен тыгыз байланышта болуп, заманбап квалификациялуу кадрларды даярдоо процессин ишке ашырган.