БТКнын төрагасы Жунус ажы Саранов Ош шаарындагы жума окулуучу мечиттердин финансылык иштерин текшерди


3-4-июнь күндөрү Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Жунус ажы Саранов жана Ош шаардык мусулмандар казыятынын башкы бухгалтери Билалиддин ажы Надыров шаардагы жалпы жума окулуучу мечиттердин финансылык иштерин текшерди.

Айрыкча 2021-жылдагы Орозо фитирдин жергиликтүү мечиттерде калтырылган 60%зы боюнча отчетторун текшерүүдөн өткөрдү. 

«Кагаз иштерин барган сайын санариптик абалга келтирүүгө аракет кылуубуз керек. Бир убакыттарда дептер менен ручка кармап эле иштерди аткарып жүргөн күндөр да болгон. Биз талыкпастан кызматты аткара берели акыретте жакшылыгын Алла Таала берет. Ошондуктан моюнубузга жүктөлгөн аманат ишти жоопкерчилик менен мамиле кылалы»,-деди Жунус ажы Саранов.