Ош шаардык казыяты Лейлек районунун тургунуна 54 000 сомдук акчалай жардам көрсөттү


Ош шаардык мусулмандар казыятына Баткен облусунун Лейлек районундагы Интернационал айылынын жашоочусу Каработоев Чыңгыздын жакын достору акчалай жардам көрсөтүү боюнча арыз менен кайрылышып, 54 000 сомдук акчалай жардам алышты. 

Алардын айтымында, Каработоев Чыңгыз кыргыз-тажик жаңжалында оор жаракат алгандыктан, Түркияда даарыланып жатканын билдиришти.

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев бир нече жума окулган мечиттерден 54 000 сом акча чогултуп, Каработоев Чыңгыздын жакын досторуна кызмат кылып жатышканы үчүн ыраазычылык билдирип, эртерээк сакайып кетешин Алла Тааладан тилеп дуба кылды. 

«Эң негизгиси ынтымак. Досуңуздардын башына оор күн түшкөндө, баарыңыздардын чогулуп, аракет кылганыңыздар өзүнчө бир сооп болуп саналат. Аллахым баарыңыздардан ыраазы болсун», — деди Убайдулла ажы Сарыбаев.