Абдүшүкүр ажы Нарматов Борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде ата-энени сыйлоо тууралуу өз баяндамасын жасады


Бүгүн, 4-июнь күнү Ош шаарынын борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде белгилүү дин аалымы, КИУнун ректору, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдүшүкүр ажы Нарматов ата-энени сыйлоо боюнча өз баяндамасын жасап, мечиттин жалпы жамаатына ата-энени сыйлоого, жума намазынан кийин барып ата-энесин дубасын алып, ар дайым кадырына жетип жүрүүгө чакырды. 

«Ата-энеге кызмат кылып, батасын алуу сооптуу амал экендиги талашсыз. Анткени Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в): «Бейиш энелердин таманынын астында» деп айткан. Ата-энени тирүүсүндө сыйлай билүү керек» ,- деди Абдүшүкүр ажы Нарматов.

Эскерте кетсек, Абдүшүкүр ажы Нарматов Ош шаарына жасаган илимий иш сапарынын алкагында 6-июнь күнү саат 10:00дө «Сулайман-Тоо» мечитинде жалпы аялзаты үчүн баяндама жасайт.