Аалымдар Кеңешинин төрагасы Масалиев Абдиманап кары Баткен облусуна иш сапары менен келди

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун чек арада жабыр тарткан жашоочулар менен жолугушуп, материалдык жана моралдык жардам көрсөттү.

Муну менен катар  Баткен шаарында чек ара чырында каза болгон жарандардын жакындары менен жолукту. Каза болгон мекендештерибизге дуа кылган соң, аларга сабырдуулук тилеп, материалдык  жардам көрсөттү.

Иш сапардын соңунда Аалымдар Кеңешинин төрагасы Баткен облустук казыятынын кызматкерлери менен жолугуп, казыяттын иш аракети менен таанышты. Андан соң Ислам баалуулуктарын коомчулукка жеткирүүдө, элди ынтымакка, биримдикке  чакырууда ошондой эле чек-ара чырында элдин тынчтыгын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн төмөнкү дин кызматкерлери Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин ыраазычылык каты менен сыйланды

  1. Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов
  2. Баткен казыятынын үгүт-насаат, билим берүү адиси Махманаби ажы Арзыкулов
  3. Баткен шаарынын баш имам хатиби Абдурашида ажы Юнусов
  4. Баткен районунун Кара-Бак айылындагы мечит имамы Ахмадулло Темиркулов.