Баткенде чек ара окуясында жабыркаган элге 200000 сомдук жардам көрсөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы «Абдыжабар» мечитинде мечит имамы Абдусами Бегмуратовдун демилгеси менен Баткенде чек ара чырынан жабыркаган элге 200000 сомдук акчалай жана кийим-кече жардамын көрсөтүштү.  

Анын ичинде 140000 сомдук акчалай жардам көрсөтүлсө, калган 60000 сомдук кийим-кече жана көрпө-журкан жана башка керектүү буюмдар жеринде тапшырылды.

Ага «Абдыжабар» мечитинин жамааты демөөрчүлүк кылып, жүзөгө ашырылды.

«Кайрымдуулук жардамы чыныгы муктаж ээлерине жеринде тапшырылды. Демөөрчүлүк кылган «Абдыжабар» мечитибиздин жалпы жамаатына терең  ыраазычылык билдиремин.  Кара-Суу районунда имамдардын демилгелери менен мындан ары кайрымдуулук иштерин улантабыз», -деди Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров.