КМДБнын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу «Агро куш» ири канаттуулар фермасынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын  халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу  алгачкы иш сапарын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы «Агро куш» ири канаттуулар фермасынан баштап, ишкананын жетекчилиги менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда КМДБнын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы халал сертификаты боюнча атайын сабак өтүп, жарандарыбызды адал азыктар менен камсыз кылуу Муфтияттын башкы милдети  экендигин баса белгиледи.

Муну менен катар Бактияр ажы Токтогазы уулу  «Агро куш» ири канаттуулар фермасы менен жакындан таанышып, өлкөбүздүн экономикалык жаткан өнүгүүсүнө дал ушундай ата мекендик ишканалар салым кошо тургандыгын билдирди.

«Элибизди адал азыктар менен камсыз кылуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын башкы максаты. Андыктан, биз ата мекендик өндүрүштөргө колдоо көрсөтүшүбүз зарыл. Муну менен катар өлкөдөгү бардык өндүрүштүк ишканалар өндүрүлгөн азык-түлүктөрү үчүн  халал сертификатын алышса,   жарандарыбыздын ден соолуктарына кам көргөн болуп, азык-түлүккө болгон ишеним артмак»,-деди  КМДБнын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.

Жолугушуунун соңунда Бактияр ажы Токтогазы уулу  Агро куш» ири канаттуулар фермасынын ишине ийгилик каалап, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы кызматташууга даяр экендигин билдирди.