Муфтияттын өкүлдөрү Көлмө медресесинин бүтүрүүчүлөрүнөн Куран тавсири сабагы боюнча сынак алышууда

Бүгүн, 10-июнда Бишкек шаарындагы Көлмө медресесинин бүтүрүүчүлөрү Куран тавсири сабагы боюнча сынак тапшырышууда. Сынакты  Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Жигитали ажы Исмаилов, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва, диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы Рафаиль ажы Татиков менен КМДБнын халал индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу алышууда.

«Көлмө медресесинин бүтүрүүчүлөрү Жалалайн китебинен сынак беришүүдө. Биз балдардын илим алуусуна көңүл буруп, эң негизгиси диний окуу жайлардын билим берүү системасын жакшыртууга далалат кылуубуз маанилүү»,-деди КМДБнын фатва бөлүм башчысы.

Сынак учурунда КМДБнын өкүлдөрү студенттерге билим алуунун зарылдыгы боюнча маалымат беришип, китеп окуу менен инсан илимдүү болоорун баса белгилешти.