Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев «Таасиил» фондунун өкүлү доктор Адил Абдулло Ашшаьбаан менен кызматташуу жаатында пикир алышты

Бүгүн, 11-июнда Кыргызстан Мусумандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Сауд Араб Падышачылыгындагы «Таасиил» фондунун өкүлү, «Касим» университетинин окутуучусу доктор Адил Абдулло Ашшаьбаан менен жолугушуп, кызматташуу жаатында пикир алышты.

Эки тараптуу жолугушуу алкагында  тараптар дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу, «Таасиил» фонду менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын кызматташуусун баштоо жана бул жаатта биргеликте иш алып баруу маселелерин талкуулашты.

«КМДБнын түзүмүндө 9 казыят, райондук хатибияттар жана диний окуу жайлардын мугалимдери менен имамдар иш алып барып, элибизге Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзүп келишет. Бүгүнкү күнө КМДБ өлкө аймагындагы дин кызматкерлеринин билимин жогорулатууда бардык аракеттерин көрүп, окуу курстарын жана семинарларды уюштурууда»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Ал эми «Таасиил» фондунун өкүлү, «Касим» университетинин окутуучусу доктор Адил Абдулло Ашшаьбаан эки тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирип, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Азирети Муфтийдин  милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевге ыраазычылыгын билдирди.