Ош шаарындагы мечиттерде санитардык эрежелерди сактоо боюнча жалпы имамдардын жыйыны өттү

Бүгүн, 11-июнь күнү борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинин жыйындар залында Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу жалпы мечит имамдарына жыйын өтүп, мечиттерде санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынга Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адиси Алишер  Ажибаев, ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин,Ош ШИИБнын өкүлү, казыят кызматкерлери жана шаардагы жалпы имамдар катышты.

Жыйындын алкагында санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү  эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу  бардык мечиттерде сактык чаралардын сакталуусу боюнча айтып, ар бир мечитте төмөндөгү талаптардын аткарылуусун көзөмөлдөп туруу керектигин билдирди.

Талаптар:

-Күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын  беткап тагынуусу талап кылынат.

-Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү керек.

-Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо жана мечиттин ичиндеги жамааттын сыйымдуулугунун 50% ашпоосу зарыл. Мүмкүнчүлүк болушунча мечиттин сыртында таза абада намаз окууга аракет кылуу.

-Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.

Сунуштар:

-Дааратты үйдөн алуу сунушталат.

-Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп  жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат.

-Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, тезирээк чыгып кетүү сунушталат.

-Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.

«Жалпы жарандарыбызга санитардык сактык чараларын толук сактоо керектигин түшүндүрөбүз. Базарда, маршруттук таксилерде же болбосо тойлордо адамдар каалагандай жүрөт деген пикирден алыс болуубуз керек. Мечит, ибадат кылуучу жай  болгондуктан алардан үлгү албай, биз аларга үлгү болуубуз кажет»-деди Ош шаарынын казысы.