2021-жылдагы ажылык сапары бир гана Сауд Араб Падышалыгынын жарандарына жана Саудияда жашаган ар кандай улуттардын каалоочуларына өткөрүлөт

Сауд Араб Падышалыгынын Ажылык жана Умра министрлигинен маалымдашкандай 2021-жылдагы ажылык сапары коронавирус (Covid-19) оорусу менен дүйнөнүн миллиондогон адамдары жабыркагандыгына байланыштуу оорунун алдын алуу максатында Ажылык сапары бир гана Сауд Араб Падышалыгынын жарандарына жана Саудияда жашаган ар кандай улуттардын каалоочуларына бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен гана өткөрүлөөрүн, Ажылык сапары сырттан келүүчүлөргө пандемияга байланыштуу болбой тургандыгын маалымдады.  

Саудиянын  Ажылык жана Умра министрлигинен маалымдашкандай эң көп дегенде 60 миң адам Меккеге ажылык сапарга бара алышат. Алар мурда COVID вакцинасын алган 18 жаштан 60 жашка чейинки жарандар болушу керек.