Муфтият Кувейттеги «Ихья Аттурос аль- Ислами» бирикмеси менен кызматташуусун бекемдейт

Бүгүн, 14-июнда Кыргызстан Мусумандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Кувейт мамлекетинин  «Ихья Аттурос аль- Ислами» бирикмесинин Орто Азия боюнча комитетинин жетекчиси шейх Мухаммад Сухейли Ашшамри менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуу алкагында  тараптар «Ихья Аттурос аль- Ислами» бирикмеси менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ортосундагы буга чейинки уланып келген мамилени мындан дагы бекемдөө жаатында пикир алышып, эки мамлекеттин ортосундагы достук алаканы чыңдоо боюнча сүйлөшүштү.

Муну менен катар тажрыйба алмашуу, билим берүү жана диний жааттагы иш-чараларды биргеликте өткөрүүнү талкуулашты.

Эки тараптуу жолугушууга  «Исар» фондунун жетекчиси Алтынбек ажы Кудайбергенов, КМДБнын ажы-умра бөлүмүнүн адиси Хамидулла ажы Садиллаев катышты